• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ак үйдүн алдында жөө өтмөктөн кызды унаа сүзүп кетти

28 Теке 2022 12:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте айдоочу Жогорку Кеңештин имаратынын жанындагы жөө адамдар өтүүчү жерден жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп кетти.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, болжол менен 20 жаштагы кызды тез жардам кызматынын унаасы алып кетти.

«Саат 12:15 чамасында автоунаа Чүй көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, Панфилов көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Жеринде Милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 745