Ак үйдү курчап турган тосмону алып салсак туура болот. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Талант Мамытов билдирди.
Анын айтымында, бийлик менен элдин ортосунда тоскоолдуктар болбош керек.
«Эл менен бийликтин ортосунда тоскоолдуктар болбошу үчүн Ак үйдүн алдындагы тосмону алып салсак туура болот деп ойлойм. Кечээ Садыр Нургожоевич менен дагы сүйлөшүү жүрдү. Ал дагы ушул пикирди айтты. Бул ойду колдодум», — деди Мамытов.