• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Терс пикир жарата бербейли». Орунбеков ураган тосмо боюнча комментарий берди

20 Бирдин айы 2024 16:49 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы эл аралык аэропорттун айланасына тор тосмолор коюлат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал окуяны бурмалап, андан терс пикир жарата бербейли деген оюн айтып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Тамчы аэропортунун аймагын тоскон дубалдын бир аз бөлүгү катуу шамалга байланыштуу кулап түшкөнү талкууланып жатат. Бул дубал өткөн жылы дагы урап калып, подрядчы компаниянын эсебинен кайра тургузулган. Катуу шамалдан пескоблок дубалдар эмес, 40 тонналык контейнер ордунан жылып, арматуралар кыйшайып, жеке үйлөрдүн дубалдары дагы урап калганын жергиликтүү эл видеого тартып чыгарып жатат. Андыктан, окуяны бурмалап, андан терс пикир жарата бербейли. Ал жердин шамалына дубал туруштук бере албайт экен, андыктан башка тор тосмолор коюла турганын билдиребиз»,-деп жазды Орунбеков.

Белгилей кетсек, Тамчы айылындагы эл аралык аэропорттун тосмосу экинчи жолу кулап калды.

Количество просмотров: 158