• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тамчыдагы аэропорттун тосмо дубалы кайра урап калды

20 Бирдин айы 2024 14:45 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы «Тамчы» аэропортунун тосмо дубалы кайра урап калды. Маалыматты «Манас» эл аралык аэропортунан тастыкташты.

«Манас» эл аралык аэропорту бул окуя боюнча эч кандай комментарий бере албай турганын билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Бул маселе боюнча президенттин иш башкармалыгына кайрылыңыздар, анткени тосмону президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Кыргызстрой сервис» ишканасы курган»,-деп билдиришти аэропорттон.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 18-мартында катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагында жайгашкан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун тосмо дубалы кулаган. Кулап калган тосмо дубалын подрядчы фирма калыбына келтире турганы маалымдалган.

Президенттин иш башкармалыгы бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 437