• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ак үйдүн жанында гүлзар тебеленип, роза бадалдары сындырылган (сүрөт)

26 Баш оона 202212:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин имаратынын жанында отургузулган 4 даана роза бадалдарын сындырылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 26-августта «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эртең мененки аймакты кыдыруу учурунда сынган бадалдар аныкталган.

Мындан тышкары, бузуучулар 20га жакын сальвияны тебелеп кетишкен.

Учурда аталган ишкананын кызматкерлери, Биринчи май району боюнча жетекчиси жана жашылдандыруу адистери мыйзам бузуучуларды аныктап, акт түзүүгө аракет кылууда.

Количество просмотров: 215