Бишкек шаарынын мэриясы «Ак-Кула» ат майданынын жерин жана мүлкүн эки компанияга жеке менчикке сатууну пландап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Буга чейин ат майдандын жери менен мүлкү эки ирет аукционго коюлуп, бирок сатып алуучулар чыкпагандыктан, аукциондор болбой калган. Эми ат майданды аукционсуз сатуу каралууда. Ал үчүн Бишкек шаардык кеңештин чечими керек.
Мэрия ат майдандын мүлкүн жана 55,73 гектар жерин ROX Group менен TNG Global Foundation компанияларына сатууну пландап жатат. «Ак-Кула» канча сомго сатылары белгисиз.
Токтом долбоорунда жазылгандай, аталган эки компания ат майдандын жеринин бир бөлүгүнө мектеп-бала бакчаларды, жолдорду, сейил бак салып, келишимге ылайык шаардык менчигине өткөрүп берет.