Ак-Өлөң калктуу конушундагы бала бакчанын курулуш иштеринин 80%ы бүткөрүлдү.
Бул тууралуу 2-октябрда Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу бала бакчанын курулуш жумуштары менен жерине барып таанышкан учурда маалым болду.
Мэр курулуш жумуштарынын сапатын, техникалык жабдууларын жана аянтчанын бала бакча талаптарына ылайык болушун көзөмөлдөп, бала бакчанын ички жасалгасы жана оюн аянтчалары өкмөттүн азыркы коюп жаткан талаптарына ылайык келиши керектигин эскертти.
Маалымдай кетсек, бала бакчанын курулушу 2021-жылдын апрель айында башталган. Баштапкы сметасы 43 млн. сомду түзгөн. Ачылышы ноябрга белгиленген бала бакча 200 орундуу болмокчу.