Исаков Алмазбек Карыпович Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов Кара-Балта шаардык мэриясынын жамаатына жаңы мэр Исаков Алмазбек Карыповичти тааныштырды.