• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ак-Ордодо ууру деп адамды мамычага байлап коюшкан. Милициянын маалыматы

21 Кулжа 202211:17 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Ак-Ордо конушунда төшүнө кагазга “ууру” деп жазылып мамычага байланып турганы тартылган эркек кишинин видеосу соцтармакта тараган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 20-июнда саат 16:00дө Сокулук райондук милициясына конуштардын биринде жергиликтүү тургундар уурулукка шектүү адамды кармашканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тергөө тобу окуя болгон жерге барып, Ак-Ордо конушунда жергиликтүү тургундар телефон, үй буюмдарын уурдоого шектүүнү кармап, мамычага байлап коюшканын аныкташкан.

Аталган факты каттоого алынып, 57 жаштагы Е.Ф. аттуу шектүү тергөө кызматына өткөрүлгөн.

«Жергиликтүү тургундар тарабынан кармалган адам Сокулук РИИБнин тергөө кызматына жеткирилип, ал 1965-жылы туулган Э.Ф. болуп чыкты. Туугандарынын айтымында, ал психиатриялык ооруканада каттоодо турат. 2020-2021-жылдар аралыгында каралып, өз аракеттери жөнүндө отчет бере албайт. Кошумчалай кетсек, шектүүнүн жакындары эч кандай дооматы жок болгондуктан, жарыяланган видеоматериал боюнча арыз жазуудан баш тартышкан.

Бирок ага карабастан иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн ар тараптуу жана объективдүү иликтөө жүргүзүү максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Шектүү Сокулук районунун ИИБнын УККсына киргизилген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 2780