• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Көкбөрүдөгү тополоңдо 100дөн ашык адам жаракат алган. Жаңы сквер ачылды

1 Аяк оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

КӨКБӨРҮДӨГҮ ЧЫРДА АДАМДАР ЖАБЫРКАГАН

Кечээ Ош облусундагы Төлөйкөн ипподромундагы тополоңдун кесепетинен 100дөн ашуун адам жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооруканада эки адам жатат: алардын бири көкбөрүчү, экинчиси укук коргоо органынын кызматкери. Улакчы тополоңдо эмес, оюн учурунда жаракат алганы такталган. Ведомствонун маалыматы боюнча, орнотулган медициналык чатырларда дагы 100гө жакын кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан.

 «Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алган.

АКЧА АЛМАШТЫРГАНДАР АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан КРнын бир жаранына (М.Ж.К.) 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

ЖАҢЫ СКВЕР АЧЫЛДЫ

Бишкектин түштүк аймагынын чыгыш тарабында жаңы сквер ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алтын-Ордо конушунун босогосунда ачылган кооз сквердин жалпы аянты 0,5 гектарды түзөт. Мурда бул жер каралбай калган бак-дарактар арасында болсо, эми жайлуу аянт шаардыктар менен борбордун коноктору үчүн сейилдөө жери болуп калат.

Сквер «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлдү.

Количество просмотров: 104