• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте жаңы сквер ачылды

1 Аяк оона 2023 13:00 Бишкек Govori.TV

Бишкектин түштүк аймагынын чыгыш тарабында жаңы сквер ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алтын-Ордо конушунун босогосунда ачылган кооз сквердин жалпы аянты 0,5 гектарды түзөт. Мурда бул жер каралбай калган бак-дарактар арасында болсо, эми жайлуу аянт шаардыктар менен борбордун коноктору үчүн сейилдөө жери болуп калат.

Сквердин ачылышына Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана райондун тургундары катышты.

Бишкек мэриясынан кошумчалашкандай, бул эс алуу аймагынан алыс эмес жерде парк куруу пландалып жаткан жай да бар.

Сквер «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлдү.

Количество просмотров: 78