• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарында чек арачы Нурсултан Жаныбековдун ысымы берилген сквер пайдаланууга берилди

24 Жетинин айы 2023 16:00 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын сентябрында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон «Бөрү» атайын чек ара кызматынын кызматкери Нурсултан Жаныбековдун ысымы ыйгарылган сквер реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.

Мэриядан билдиришкендей, Нарын шаарынын Мазар булак аймагында жайгашкан парк жергиликтүү жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттары бар, кечкиси жарык, коопсуз, көркөм эс алуу жайы катары жасалгаланды.

Белгилей кетсек, аталган сквер республикалык дем берүүчү гранттык каражаттын эсебинен толугу менен реконструкцияланды. Ал эми сквердин айланасы Нурсултан Жаныбековдун үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен жарыктандырылды.

Количество просмотров: 145