• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ак шумкарлар» Мьянманын дарбазасына дагы гол киргизди

11 Кулжа 202221:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан — Мьянма курама командаларынын беттеши өтүп жатат.

Биринчи таймдын 44 — мүнөтүндө кыргызстандык чабуулчу Виктор Майер Мьянманын дарбазасына гол киргизип, эсепти 2:0 кылды.

Биринчи таймдын 24-мүнөтүндө кыргызстандык чабуулчу Виктор Майер Мьянманын дарбазасына топ киргизип эсепти ачкан.

Белгилей кетсек, беттеш саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда старт алды. Оюнга президент Садыр Жапаров өзү келип, «Ак шумкарларга» колдоо көрсөтүүдө.

Количество просмотров: 134