Ак-Тилек жана Ак-Жол өткөрмө бекеттеринде мобилдик кеңселер ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттин камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Компаниянын жетекчилиги жаңы мобилдик кеңселер чет элдик жарандар үчүн камсыздандыруу процессин жеңилдетерин баса белгиледи.
«Эми чек арадан өткөн айдоочулар унааларын дароо ошол жерден камсыздандыра алышат – бул ыкчам, ыңгайлуу жана кошумча кечигүүлөрсүз жүргүзүлөт. Бул жаңылык өтө маанилүү, анткени дал чек арада айдоочулар камсыздандыруу пункттарын эң көп издей турган учурлар болот. Мобилдик кеңселердин ишке кириши камсыздандыруу полисин алуу процессин мүмкүн болушунча жеңилдетип, жарандар үчүн ыңгайлуулукту гана эмес, жол коопсуздугун да камсыз кылат», — деп жазылат маалыматта.