Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөрдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-январы саат 19.30 карата «Ак-Тилек-унаа жол» (КР) — «Карасу-унаа жол» (РК) өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп баштады.
Ага ылайык:
-COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат берилди;
-COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен «Ак-Тилек-унаа жол» өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз транспорт каражаттары кирип чыга алышат.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында убактылуу төмөндөгүдөй чектөөлөр бар:
«Чалдыбар-унаа жол» (КР) — «Сыпатай Баатыр-унаа жол» (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
-Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
-Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары «Чалдыбар-унаа жол» өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
-Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары «Чалдыбар-унаа жол» өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
-оор жүк ташуучу транспорт каражаттары «Чалдыбар-унаа жол» өткөрүү жайы аркылуу чектөөсүз кирип чыга алышат.
«Ак-Жол-унаа жол» (КР) — «Кордай-унаа жол» (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
-Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
-Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары «Ак-Жол-унаа жол» өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
-Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары «Ак-Жол-унаа жол» өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.
Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.
Талас облусундагы «Чоң-Капка унаа жол» (КР) — «Айша-Биби-унаа жол» (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
-Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
-Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана;
-Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары «Чоң-Капка-унаа жол» өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
-Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары «Чоң-Капка-унаа жол» өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.