• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасындагы айдоочуларга чатыр тигилип, чай берилди

21 Үчтүн айы 2020 17:17 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров кыргыз-казак чек арасына барып, жүк ташуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Казакстан менен кыргыз-казак тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

«Ушул жылдын башында «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу товар жана жүк ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөп жатабыз. Жылдын суук мезгилинде чек арада убактылуу чектөө абалы түзүлгөнүнө байланыштуу жүк ташуучуларга шарт түзүш үчүн чатырлар тигилип, бекер ысык чай берилүүдө»,- деди Разаков.

Жүк ташуучулар жолугушуу учурунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкеси аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү тоскоолдуктар жана чектөөлөр тууралуу айтып беришти. 

«Жүк ташуучулар менен жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди»,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 141