• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ак-Тилекте» 50дөй жүк ташыган унаа кезекте турат

1 Чын куран 202214:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 50дөй жүк ташыган машине кезекте турганын билдирди.

Маалыматка караганда, саат 12:00гө карата 1-апрелде чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү пунктунда унаалардын тыгыны байкалган. Чек ара көзөмөлүнө 50дөй жүк ташуучу унаа кезекте турат. Ккөзөмөл-өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын топтолушу жүк ташуунун көбөйүшүнө байланыштуу.

Чек ара кызматы жүк ташыган машинелер Казакстанга «Кең-Булуң» өткөрмө бекети аркылуу дагы өтсө болорун эскертти.

Количество просмотров: 173