Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы «Кыргызтелеком» ААК байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү боюнча профилактикалык жумуштарды өткөрөөрүнө байланыштуу 2024-жылдын 06-мартында саат 09.00дон 14.00го ки мезгил аралыгында «Ак-Тилек-автожол» көзөмөл өткөрүү жайында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн экендигин маалымдайт.
Маалыматта айтылгандай, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан башка чек ара өтмөктөрү штаттык режимде иштейт.
Эскерте кетсек, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде төмөнкү көзөмөл өткөрүү жайлары жайгашкан: