• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак-Жарда дөңгөлөк өрттөп нааразы болгондор тарап, айланма жол ачылды

16 Бештин айы 20209:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын четиндеги нааразычылык акциясына чыккан Ак-Жар жаңы конушунун жашоочулары тарап, айланма жол ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине Аламүдүн райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында чогулгандар тарап, айланма жол ачылган.

«Учурда Аламүдүн районунун аймагында абал тынч»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 15-декабрда Ак-Жарда тез-тезден электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы болуп, жашоочулар митингге чыгышкан. Алар айланма жолду тосуп, дөңгөлөктөрдү өрттөшкөн.

Количество просмотров: 62