• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Испаниянын премьер-министри парламентти таркатты

30 Бугу 2023 9:19 Бишкек Govori.TV

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес парламентти таркатарын жана 23-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрүн жарыялады.

Өткөн жекшембиде Санчес башында турган Социалисттик партия жергиликтүү жана муниципиалдык шайлоолордо жеңилип калды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 12 аймакта, анын ичинде Мадридде консервативдик Элдик партия алдыга чыккан. Аларды шайлоочулардын 30% колдогон.

Өкмөт башчы өз чечими тууралуу падыша Филипп VI кабардар кылганын айтты. Буга чейин Испанияда шайлоо жыл соңунда өтөрү боолголонуп жаткан.

Педро Санчес Испания өкмөтүнүн башына 2018-жылдын июнь айында келген.

Количество просмотров: 46