Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйындарын аяктап, каникулга тарады.
Парламент депутаттары 1-сентябрда ишке чыгышат.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгышмак. Бирок парламент июль айында бир нече кезексиз жыйынга чогулду.