• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Ак-Жол” бекетинде коюлган чектөө алынды

1 Аяк оона 202217:48 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү бекетинде жарандар жана унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бекеттен жарандар, транспорт каражаттар жана жүк ташып өтүлүүдө.

Эскерте кетсек, “Ак-Жол” бекетинде саат 15:00дөн 18:00гө чейин унааларды жана адамдарды өткөрүү убактылуу токтотулган. Аталган бекеттин иши тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу токтотулган.

Количество просмотров: 237