• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«АКА инвест» коопсуз шаар долбоорунан чыктыбы?

12 Жалган куран 2018 17:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.03.2018.Govori.TV

Кыргызстанда коопсуз шаар долбоорун ишке ашыруу үчүн кытайлык Huawei компаниясы менен биргеликте 9 миллион доллар салмакчы болгон «АКА инвест» компаниясы долбоордон чыгып кеткени тууралуу сөздөр арбыды.

«АКА Инвест» компаниясынын директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири Касым Курбанов долбоордон чыгып кетти деген сөздү четке какты.

«Долбоордон чыккан жокпуз. Биздин маалымат каражаттары эмнени гана жазышпайт. Долбоорго катышуубуз тууралуу толук маалыматты өкмөттөн алсаңыздар болот»,-деди Курбанов.

«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei Technologies Co.» компаниясы ишке ашыруу үчүн документке 11-январда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов кол койгон. Келишимге кол коюу иш-чарасы өкмөт башчы Сапар Исаковдун катышуусунда өткөн.
Кыргызстанда коопсуз шаар долбоору 2012-жылы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тушунда башталып, 2018-жыл болсо да ишке аша элек. Премьер-министр Сапар Исаков «Таза коом» долбоорунун негизинде 2017-жылдын октябрь айынан баштап видеокөзөмөл орнотула баштарын билдирген менен ишке ашкан жок.

Количество просмотров: 24