Бүгүн белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин туулган күнү. Ал дүйнө жүзүндөгү улгайып калганына карабай, эмгектенип жаткан врачтардын катарына кирет. Академик, медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев учурда 91чи туулган күнүн белгилеп жатат.
Хирург даталуу күнүн иш ордунда өткөрүп, операция дагы жасады. Академикти өзүнүн кесиптештери жана жакындары кызуу куттуктап жатышкан учуру.