Депутат Жанар Акаев бүгүн ЖК жыйынында Бишкек шаарындагы жол тыгыны боюнча маселе көтөрүп, бул көйгөйдү Министрлер кабинети тез арада чечиши керектигин айтты.
“Жакында Британиянын экспортту колдоо агенттигинин өкүлдөрү келди. Алар Кыргызстанга 2 млрд АКШ долларын узак мөөнөткө насыяга бергенге даяр экенин билдиришти. Алар чоң долбоорлорду күтүп жатышат. Министрлер кабинетинин, мэриянын кызматкерлери кирген жумуш тобу түзүлгөн. Ошол топ Бишкек шаарына тез жүрө турган жеңил поезддерди ишке киргизүү планын берсе Британиянын экспортту колдоо агенттиги колдойт деп ишенем. Бул транспорт бир эле учурда 200-300 жүргүнчүнү ташып, Бишкектеги Айтматов проспектиси, Жусуп Абдрахманов жана Жибек Жолу сыяктуу чоң көчөлөрдөгү тыгындарды кыйла азайтмак”, — деди ал.