• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Акаевдин ордуна депутат болуп Таалайбек Сарыбашов келди

19 Бирдин айы 202612:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралдагы жыйынында № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

Т.Н. Сарыбашов № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.

Количество просмотров: 192