• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Акаевге жумуртка ыргытылып, Бермет жулмалашып кетти (жаңыланган видео)

9 Бештин айы 2017 23:36 Бишкек Govori.TV

Германиядагы KyrgyzClub-Germany мекендештер уюмунун Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев менен жолугушуусу чыр менен коштолуп, бир адам жумуртка менен ургулаганга жетишкен.

https://www.facebook.com/bakyt.kobegenov/videos/o.120190564734255/1620529907990942/?type=2&theater

Тасмадан көрүнгөндөй, жолугушуу Германиядагы шаарлардын көчөлөрүнүн биринде болгон. Жолугушууга Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева, кызы Бермет менен келген. Орус тилинде учурашып баштаган экс-президентти чогулгандардын арасынан бирөө кыргызча сүйлөөсүн талап кылган. Жолугушуу демократиялуу Германияда өтүп жаткандыгын, демек каалаган тилде сүйлөгөнгө укугу бар экендигин айткан Аскар Акаев, жолугушууга келгендерге жылуу сөзүн айтып бүтүп, кетүүгө кам урган мезгилде ага жумуртка ыргытылган. Чогулгандар анын суроолого жооп берүүдөн качып жаткандыгын айтып артынан кыйкырышкан. Бул арада анын кызы Бермет Акаева чогулгандардын бири менен айтышып кетип, ал адамдын «Эмне себептен Аскар Акаев Мекенине келбейт?» деген суроосуна «Мамлекетте бандиттер отурат» деп жооп берген. Андан ары айтышуу уланып, акырында Бермет Акаева ал адамды сумка менен бир нече жолу уруп жиберген. Окуяга немец полициясы аралашууга аргасыз болду.

https://www.facebook.com/nurzat.baisakova.5/videos/926000337554406/

Количество просмотров: 8