• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкектеги мектептерде жайкы лагерлер иштеп баштады

4 Кулжа 2026 9:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 39 мектептин базасында уюштурулган жайкы лагерлер өз ишин баштады.

Мэриянын маалыматына ылайык, лагерлерде жайкысын 4 880 бала эс алуу жана пайдалуу убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз болот.

Окуучулар үчүн чыгармачылык мастер-класстар, өнүктүрүүчү сабактар, спорттук оюндар жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, ден соолугун чыңдоого багытталган ар түрдүү иш-чаралар даярдалган.

Мектеп окуучуларынын коопсуз жана ыңгайлуу шарттарда эс алуусуна өзгөчө көңүл бурулат. Лагердин катышуучулары үчүн күнүнө эки маал тамак берилет.

Жайкы лагерлердин иши балдардын каникулду кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүсүнө, өз жөндөмдөрүн өнүктүрүүсүнө жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүп, достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Количество просмотров: 18