• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акчаң болсо кутуласың, болбосо тутуласың…

15 Аяк оона 2022 13:42 Бишкек Govori.TV

Өкмөт сунуш кылган эң ишеничтүү кадры «Кумтөр голд компани» компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк кармалып, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алдын ала эсептөө боюнча, кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынан мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Мынча каражатка 10дон ашуун мектеп курса болот дешүүдө депутаттар.


Кыргыз энергетика министри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча эки кылмыш иши козголгону 13-сентябрда белгилүү болду. Министрликтин маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык, Бекмурзаев микроинсульт алганына байланыштуу ооруканага жаткырылган. Бул атка минерге карата кандай өкүм чыгат азырынча белгисиз.


Үстүбүздөгү жылдын 10-майында “Дастан” ишканасынын мурдагы директору Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалган. А бирок, ошол эле күнү кечинде Ширшовдун үй камагына чыкканы белгилүү болду. Ал тургай анын соттон кийинки түнкү Бишкекти кортежи менен кыдырып жүргөн видеосу тарады.


Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон. Анткен менен бул министр 14күн ичинде эле 16-июнда үй камагына бошотулган.


Үстүбүздөгү жылдын 19-августунда «Үмүт жана Ко» фирмасынын ээси Журат Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалган. Атайын кызмат андан «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынганын кабарлаган. А бирок, андан көп өтпөй эле Журат Абдуллаевге карата өкүм чыгып, курал-жарактары ИИМге, 800 млн бюджетке чегерилгени маалым болду.

Башкы прокуратура ушул жылдын 10-февралында Жогорку Кеңештен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранып, мындай сунушту эл өкүлдөрү канааттандырган эмес.

Жогоруда тизмектелген окуялардан кийин кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандардын байлары бошотулуп, кедейлери абакта калууда. Алсак,ушул жылдын март айында Улуттук коопсуздук комитети Next TV» каналына «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган. Аталган каналдын жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин соту улам кечиктирилип, кийинкиге жылдырылууда. Мындай ыкма менен бийлик ММК каражаттарын ооздуктап коюну көздөгөнсүп жатат окшойт.


2021-жылдын 15-мартында жарандык активист Тилекмат Куренов “бийликти басып алууга чакыруу” айыбы менен кармалган активистти (Куренов) үй камагына чыгарган.

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбек Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. 1-августта Адилет Али Мыктыбектин соттук териштирүүсү уланды. Сотто активистти үй камагына чыгаруу өтүнучү келтирилген, бирок судьялар тарабынан бул өтүнүч четке кагылып, Адилет Балтабай абакта калтырылды.


Фейсбуктагы «Полит узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон. 16-августта «Полит Узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды.

Биз жыл башынан берки ушул жагдай тууралуу окуяларды тизмектеп бердик. Жогорудагы маалыматтардан кийин сот кайсыл учурда адилеттүү чечим чыгарып жаткандыгына өзүнүз баа бериңиз.

Количество просмотров: 163