• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

“Акча каттым, таап алгыла” деп элди дүрбөлөң кылган блогер милицияга жеткирилди

28 Бештин айы 202414:43 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда «Ак-Ордо» коңушунда адамдардын топтошкону тартылган видео тараган. Бул адамдар акча издеп жатышкан деген маалымат келип түшкөн.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин маалыматына ылайык, бул факты боюнча милиция кызматкерлери окуя болгон жерге чыгышкан. Текшерүү учурунда «Тапсан сеники» аттуу аккаунтту колдонгон жаран подписчиктердин санын көбөйтүү максатында оюн уюштуруп, ар кайсы жерлерге акча катып, бул тууралуу маалымат таратканы аныкталган.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 1993-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аны менен мындай иш-чараларды мындан ары уюштурбоо боюнча профилактикалык маек жүргүзүлгөн.

Милицияошондойэлежарандаргакайрылып, эгер ушул сыяктуу аракеттерди байкасаңыздар, милицияга кабарлоону айтты.

Количество просмотров: 484