• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Акча жетпей калып жатат… Пенсияга эрте чыгуу укугун жоюп салуу пландалууда

21 Бирдин айы 2022 13:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда пенсияга жеңилдетилген шартта эрте чыгуу укугун алып салуу пландалып жатканын Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева Жогорку Кеңештин жыйнында билдирди.

“Ар бир экинчи пенсионер пенсияга жеңилдетилген шарт менен чыгып жатат. Бүгүнкү пенсионерлердин 40% — жеңилдик алуучулар. 13 жыл, 8 жыл эрте пенсияга чыгып алгандар бар. Иштеп да, пенсия да алып жаткандар бар. Ошентип чындап үйдө отурган карыларга алгылыктуу пенсияга акча жетпей калып жатат. Азыр мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатабыз. Бул популярдуу эмес чара, бирок ага барбасак болбойт. Жеңилдик менен пенсияга чыгуучулардын мөөнөтүн жок дегенде этап-этабы менен алты айдан болсо да жогорулатуу керек. Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу дегенди да таптакыр жок кылалы деп жатабыз – аялдарга 58, эркектерге 63 жаш деп”, — деди ал.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт популярдуулук алуу үчүн эмес, жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алуу үчүн иш кылып жатканын кошумчалады.

«Пенсияга чыгуу жаш курагын көтөрүшүбүз керек – бул дүйнөлүк практика жана биздин коңшулар бул жолду тандап алышкан. Бирок бардыгын таразалап, чечим кабыл алышыбыз керек», — деди Байсалов.

Количество просмотров: 1611