• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акматалиев менен Будажапов Бириккен күрөш дүйнөсүнөн акчалай сыйлык алат

14 Жетинин айы 2022 11:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев жана Арсалан Будажапов Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (UWW) акчалай сыйлык алат. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, жылдын жыйынтыгы менен рейтингдин алдыңкы сабында турган үч балбанга 10 миң доллар бөлүнүп берилет. Тактап айтканда, рейтингде биринчи орунда турган балбанга 5 миң доллар, экинчиге 3 миң жана үчүнчүгө 2 миң доллар бөлүнөт.

Эркин күрөш боюнча 70 кг салмакта Эрназар Акматалиев жана 79 кг салмакта Арсалан Будажапов тизмеде экинчи орунда тургандыгы үчүн 3 миң доллардан алышат.

Эскерте кетсек, грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта тизменин биринчи орунунда турган Жоламан Шаршенбековго 5 миң доллар, ал эми 77 кг салмакта тизменин экинчи сабында жайгашкан Акжол Махмудовго 3 миң доллар берилет.

Количество просмотров: 176