• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эрназар Акматалиев Албаниядагы рейтингдик турнирде алтын утту

26 Бирдин айы 20269:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев 70 кг чейинки салмак категориясында MUHAMET MALO 2026 рейтингдик турниринин алтын медалына ээ болду.

Акматалиев мелдешти 1/8 финалдан баштап, учурдагы Европа чемпиону, россиялык Ибрагим Ибрагимовду 4:3 эсебинде утту. Чейрек финалда молдовандык Василий Дьяконду 6:1 менен жеңди.

Жарым финалда казакстандык Майис Алиевге каршы кармашта 12:9 эсебинде үстөмдүк кылып, финалга чыкты. Финалдык беттеште америкалык спортчу Алек Уильям Панталео менен күрөшүп 3:2 эсебинде жеңишке жетти.

Жыйынтыгында Эрназар Акматалиев Кыргызстандын курама командасына эл аралык мелдеште биринчи алтын медалды алып келди.

Количество просмотров: 117