• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акматова: 11 ай аралыгында вирустук гепатиттердин 8605 учуру катталды

13 Бештин айы 2019 11:48 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 11 ай аралыгында республика боюнча биринчи жолу вирустук гепатиттердин 8605 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылга салыштырмалуу гепатит же сарык оорусунун 2,3 пайызга төмөндөшү байкалууда.

«2019-жылдын 11 ай ичинде курч вирустук гепатиттин «В» түрүнүн 2018-жылдагы катталган 300 учурга каршы 222 учур катталып, оорунун 26 % төмөндөдү. Ооругандардын ичинен 98% 20 жаштан жогоркулар түзөт»,-деди Акматова.

Кошумчалай кетсек, Гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт.

Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт, аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул түрүн мурда «боткин» деп да атап коюшкан. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар. Ар бир адам жылына бир жолу медициналык көзөмөлдөн өтүп турушу зарыл. Мындай жол менен алар ар түрдүү оорунун алдын алат!

Количество просмотров: 37