• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Акматова: Коронавирус 15 жашка чейинки 102 баладан аныкталган

1 Бугу 2020 11:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус 15 жашка чейинки 102 баладан аныкталган, алардын ичинен бешөө бир жашка чейинки наристе. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына таянсак, бардык балдар ооруканага жаткырылган.

«Абалы көпчүлүк учурларда канааттандырарлык (симптомдору жок), жеңил жана орточо оор абалда болууда. Бүгүнкү күнгө карата 59 бала үйүнө чыгарылды», — деп билдирди Акматова.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы билдиргендей, коронавирус жуктурган 756 бейтаптын 406 — аял, 350 — эркектер.

Количество просмотров: 120