Кыргызстанда жакынкы аралыкта вакцина сактоочу кампа салынат. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.
«Жакынкы аралыкта жаңы улуттук кампа салынат. Учурда жер тандалды, тендер жарыяланып, курулуш иштери башталат. Биздин улуттук кампабыз 90 куб метрди түзгөндүгүнө байланыштуу ал жетишсиз болууда. Быйыл 14 кампада оңдоо иштери жүргүзүлөт», — деди ал.