Бишкек.23.11.2018.Govori.TV
«Мен компаниянын президенти Кубан Ажимүдүновго кайрылып, киреше тууралуу документтерди көрсөтүүсүн өтүнгөм. Бирок ал баш тартты. Мындан улам бухгалтерия боюнча маалыматтарды алуу үчүн Финполго кайрылууга аргасыз болдум. Теледеги рейдерлик тууралуу кайрылууну Ажимүдүнов алып чыкты. Эч кандай басып алуучулук болгон жок», — деди ал.
«Акнет» ААКсынын жактоочусу Амантур Абдрахманов тинтүү тууралуу токтомду Биринчи май райондук соту бергенин түшүндүрүп кетти. Кызматкерлерге «Акнеттин» бардык филиалдарындагы документтерди алууга укук берилген. Адвокаттын айтымында, 221-берененин 1-бөлүгүнүн («Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин укугунан аша чаап пайдаланышы») негизинде кылмыш иши козголгон.
Иш козгоого түптөөчүлөрдүн талашы себепкер экенин айткан жактоочу бул кадам мыйзамсыз болгонун белгиледи.
«Жарандык укук талаасында чечиле турган чарбалык талаш боюнча кылмыш ишин козгоонун зарылдыгы жок эле. Азыр документтердин баары алынып жатат, бирок бири да каттоого алынган жок. Кагаздардын баарын баштыктарга салып эле алып кетишүүдө. Ар бир документти каттоого алгыла деген талапка тергөөчүлөр реакция кылган жок», — деди Абдрахманов.
Адвокат эртең, 23-ноябрда, компания Финпол кызматкерлеринин аракети канчалык мыйзамдуу болгондугу боюнча маселе көтөрө турганын кошумчалады.
Ал эми Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы окуя боюнча эч кандай комментарий берген жок, бирок мекемедеги булактар учурда компаниянын кеңсесинде Финполдун кызматкерлери иштеп жатканын тастыктады.
Булак: Спутник