• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Элеттеги аялдарды колдоо. Govori.TVда 3 күндүк окутуу тренинг башталды

9 Бештин айы 2022 13:55 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында сегизинчи окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышууда.

7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, кибер коркунучтарга каршы санариптик коопсуздук, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет.

Бул жолу тренингди “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мурдагы вице-мэри Айжан Чыныбаева, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, “Media Карьера” ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы, «Аялдарды колдоо» коомдук бирикмесинин долбоорлор боюнча координатору Наргиза Аманбаева жана маркетолог Ормон Амангелдиевдер өткөрөт.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат. Окутуу Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Количество просмотров: 178