• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

АКШ басылмасы Тажикстандын Кыргызстанга чабуулун көрсөттү

22 Аяк оона 2022 11:55 Бишкек Govori.TV

Америка Кошмо Штаттарынын The War Zone аскердик-аналитикалык басылмасы Ак-Сай айылынын Спутник картасынан Тажикстан тарабынан Кыргызстандын Ак-Сай айылына урулган соккусун жарыя кылды.  Спутниктен тартылган ал кадрлар тынымсыз чабуул жүрүп жаткан 16-сентябрда тартылган.

Мындагы кадрга караганда, соккунун негизги бөлүгү так ошол участкага тийип жатат (түштүк-чыгыш жагына). Баяндамачынын айтымына караганда, кадрдагы түтүн кыргыз айлына урулган соккунун натыйжасында чыгууда, болжол менен РСЗО (реактивная система залпового огня) соккусунан.

Ал эми Ак-Сай айлынын түндүк-батышында үч чакан кадра Тажикстандын соккусун көрсөтүлгөн: биринчи кадрда үч сокку, экинчи кадрда-сокку учуру жана үчүнчүсүндө акыркы сокку. Тажикстан тараптан урулган соккунун натыйжасында бир канча үй талкаланган.

АКШнын аскер басылмасы Тажикстандын Кыргызстанга чабуулун көрсөттү. Спутниктен тартылган сүрөт

The War Zone басылмасы дүйнө жүзүндөгү аскер жаңжалдары боюнча адистешкен.  Спутник кадрларын алар planet.com.  порталынан алышкан.

Количество просмотров: 32