• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

АКШ элчилиги FactCheck.kg сайтынын баш редакторуна кол салуу боюнча билдирүү таратты

10 Үчтүн айы 2020 14:38 Бишкек Govori.TV

Америка Кошмо Штатарынын Бишкектеги элчилиги FactCheck.kg сайтынын баш редактору Болот Темировго болгон 9-январдагы кол салууну сындайт. Биз, бул кол салууну сынга алып жана тез иликтөөгө чакырган президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратына үндөш пикирдебиз.

Жалпыга маалымдоо каражаттары журналисттер коркутуп-үркүтүүгө кабылбай иш алып барган учурда гана экин болууга мүмкүндүк алышат.

Окуянын так иликтенип жана кол салууга күнөөлүүлөрдүн кечиктирилбестен жоопко тартылышы, Кыргыз Республикасынын өз демократиялык баалуулуктарын жана эркин жана ачык прессаны коргоо салтын улантуусунда чоң мааниге ээ.

Количество просмотров: 147