Бүгүн, 17-августта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында активисттер «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы сот иштери боюнча акция өткөрүүнү улантып жатат.
Катышуучулар «Центерранын» доо арызы боюнча соттук процесс бүгүн, 17-августта башталарын белгилешип, Нью-Йорк сотун бул ишти калыс кароого чакырууда.
«Нью-Йорк эл аралык соту бизге көңүл буруп, «Центерранын» мыйзам бузууларын эске алсын деп чыктык. Сот Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарат деп күтөбүз», — деди акциянын катышуучусу.
Белгилей кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына кенди иштетүүдө экологияга зыян келтиргенине байланыштуу доо коюп, «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу кирген. Ал эми «Центерра» Нью-Йорк сотуна арыз менен кайрылган.