Кыргызстан жарандарынын АКШга кирүүсүн чектей турган өлкөлөрдүн алдын ала тизмесинде. Бул тууралуу Washington Post гезити АКШнын Мамлекеттик департаментинин ички катына шилтеме берүү менен билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, президент Дональд Трамптын администрациясы виза алууга тыюу салынган же чектелген мамлекеттердин тизмесин кеңейтүүнү караштырып жатат. Алдын ала тизмеге Кыргызстан, Египет, Джибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана Африкадан, Борбордук Азиядан, ошондой эле Кариб деңизинен жана Тынч океан бассейнинен 36 өлкө кирген.
Ишемби күнү тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттар мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган ички кат алышты. Документте бул өлкөлөрдө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн бар экени көрсөтүлгөн. Мамдепартамент келтирген мыйзам бузуулардын арасында мөөнөтү өтүп кеткен визалар, документ жүгүртүүнүн жетишсиз деңгээли, ошондой эле бийлик деңгээлинде алдамчылык фактылары бар деп айтылат.
Эксперттер мүмкүн болгон чектөөлөр эл аралык мобилдүүлүккө олуттуу кесепеттерди алып келерин, дипломатиялык мамилелерди начарлатарын жана бул демилгеден жабыр тарткан өлкөлөрдүн жарандарынын тынчсыздануусун жаратарын белгилешет.
Буга чейин АКШ Ооганстан, Иран, Сомали, Куба жана Венесуэла сыяктуу бир катар мамлекеттердин жарандарына кирүүгө чектөө койгон. Жаңы демилге талкуу стадиясында турат жана азырынча биротоло бекитиле элек, бирок азыр эл аралык коомчулукта резонанс жаратууда.