• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

АКШ менен Орусиянын президенттери сүйлөшүү өткөрүшөт

7 Бештин айы 2021 9:06 Бишкек Govori.TV

АКШнын жана Орусиянын президенттеринин бүгүнкүгө, 7-декабрга белгиленген видео аркылуу сүйлөшүүсү орус-украин чек арасында абал чыңалып, Украинанын НАТОго кошулуу келечеги кызуу талкуу жаратып, Орусияга аймактагы коопсуздукту сактоо талаптары күчөп турган чакта өткөнү жатат.

Жо Байден быйыл январда президенттик кызматка киришкенден бери Владимир Путин менен экинчи ирет өзүнчө сүйлөшкөнү турат.

“Албетте, эки тараптуу мамилелер талкууланат. Бул мамилелер азыр начар абалда” деп билдирди 6-декабрда журналисттерге орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Анын айтымында, Украина боюнча маселе, НАТОну кеңейтүү аракети жана коопсуздук бул сүйлөшүүдө “чечүүчү мааниге” ээ болот.

Ак үйдүн маалыматына караганда, Путин менен сүйлөшүү алдында Байден Улуу Британия, Франция, Италия жана Германиянын башчылары менен пикир алышты. Кошмо Штаттар украин-орус чек арасында, Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралында 150 миңдей орус аскери жайгаштырылганын билдирүүдө.

Орусия Украинанын НАТОго кириши же альянстын Украинада аскер базасын орнотушу Орусия үчүн «кызыл чек» болорун айткан.

Количество просмотров: 128