• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Трамп Путин Зеленский менен жолугушууга макул болгонун айтты

20 Баш оона 202511:21 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин шейшембиге караган түнү телефон аркылуу сүйлөшүүдө Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жолугушууга макул болду.

Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News телеканалындагы маегинде билдирди.

Трамптын айтымында, «Зеленский менен Путиндин мамилеси «мурда өзү ойлоп жүргөндөн бир аз жакшы», ошондуктан алар алгач бетме-бет сүйлөшөт, андан кийин өзү ага кошулат.

«Ошол эле учурда алар кайсы бир мезгилде жакшы достордон болуп калат деп айта албайм. Путин өзүн жакшы алып жүрөт деп үмүттөнөм. Андай болбой калса, биз татаал кырдаалга туш болобуз», — деди АКШ президенти.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 111