• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

АКШ президенти Жапаровду жана Кыргызстан элин куттуктады

31 Баш оона 202216:42 Бишкек Govori.TV

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джозеф Байден Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады.

“Америка элинин атынан Кыргыз Республикасын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасы биргелешип көп нерсеге жетишти, бирок мен биздин эң сонун күндөрүбүз али алдыда деп ишенем. Ушул татаал мезгилде эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жана өнөктөштүктү бекемдөө биздин өлкөлөр, Борбордук Азия жана бүткүл дүйнө үчүн чоң мааниге ээ. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасын жакындатууга болгон аракетиңиз үчүн ыраазычылык билдирем жана алдыдагы жылы жемиштүү кызматташууну чыдамсыздык менен күтөм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Количество просмотров: 50