• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

АКШ сенаторлору Орусиянын «Радио Свободага» каршы «чабуулун» айыпташты

15 Жалган куран 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

АКШнын башкы сенаторлорунун ар башка партиялардан куралган тобу президент Владимир Путинди «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» Орус кызматын — «Радио Свобода» мерчемге алуу аркылуу жүргүзүлүп жаткан өлкөдөгү «медиа эркиндигине мамлекет тарабынан каржыланган кол салуу аракеттерин» токтотууга чакырды.

АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетиндеги демократтар менен республикачылар Орусиядагы медиа чөйрөсүнүн начарлашын жана талаш-тартыштуу “чет элдик агент” мыйзамына таянып, мындагы АКШ каржылаган «Эркин Европа/Азаттык үналгысын» кысымга алуу учурларын баса белгилешти.

Орусиянын медиага көзөмөл кылуучу мамлекеттик агенттиги болуп саналган “Роскомнадзор” мекемеси катаал эрежелерге ылайык жазуу жана берүү материалдарын эн тамга менен белгилебегендиги үчүн деген жүйөө менен «Радио Свобода» медиа мекемесинин жаңылыктар кызматтарына 260 иш козгоду. Москва соту буга чейин эле 142 иш боюнча жалпы көлөмү 1 миллион долларга жакын айып пул салган.

Сенаторлор Крис Кунс (демократ, Делавэр), Митт Ромни (республикачы, Юта), Марко Рубио (республикачы, Флорида) жана Сенаттын Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Боб Менендес (демократ, Нью-Жерси) өздөрүнүн биргелешкен билдирүүсүндө: «Орус жарандык коомун алсыратуу үчүн узак убакыттан бери алпурушуп келе жаткан Кремль азыр катаал мүнөздөгү «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамдарын шылтоо кылып, Орусиядагы «Радио Свобода» үналгысынын үнүн өчүрүү үчүн сот иштерин жана айып пулдарды колдонуп жатат», – деп жазышты.

Количество просмотров: 62