КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн 18-ноябрда Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Министр Ж. Кулубаев АКШда президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде С5+1 форматынын алкагында мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Өз кезегинде Элчи Л. Вигери АКШнын Кыргызстан менен эки тараптуу деңгээлде жана С5+1 регионалдык платформасынын алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын ырастады.
Мындан тышкары, элчи Л. Вигери Кыргызстандын гуманитардык демилгелерин, анын ичинде Сирия менен Ирактан аялдар менен балдарды репатриациялоону колдоого алып, бул маселелер боюнча АКШнын техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.