АКШнын Бейруттагы элчилиги 3-августта өз жарандарын Ливандан дароо учуп кетпесе жана көздөгөн багытка туура келбесе дагы, башка рейстер менен чыгып кетүүгө үндөдү. Тиешелүү билдирүү дипломатиялык өкүлчүлүктүн сайтында жарыяланды.
Ливандан чыкпоону чечкен америкалыктар үчүн элчилик аларга «күчтүү пландарды даярдоону жана узак убакыт бою ошол жерде баш калкалоого даяр болууну» сунуштады. Мындан тышкары, дипломатиялык өкүлчүлүк өзгөчө кырдаал жаралса уюлдук телефонду кубаттап туруу жана ички коопсуздукка таасир эте турган жаңылыктарга көз салуу зарылдыгын эскертти.
Британиянын Бейруттагы элчилиги өз жарандарын Ливандан токтоосуз чыгып кетүүгө үндөдү, анткени «өлкөдөгү кырдаал тез эле начарлап кетиши мүмкүн…Чыңалуу жогору, Биз Ливандагы консулдук болушубузду күчөтүүлгөн тартипте күнү-түнү иштеп жатабыз, бирок ал жердеги британ жарандарына менин билдирүүм ачык: дароо кеткиле», — деди британ тышкы иштер министри Дэвид Ламмидин.
Коопсуздук үчүн Ливандагы Швециянын элчилиги да убактылуу жабылды. «Бул кырдаал курчуй электе Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн жасалган чара. Биздин баалоо боюнча, кырдаал акыркы күндөрү олутту начарлап кетти», — деп түшүндүрдү Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем TV4 News телеканалына берген маегинде.
Биллстрем Швеция элчилигинин кызматкерлери Ливандан Кипрге жеткирилгенин айтты. Министр ошондой эле өлкөдө жүргөн шведдерди «мүмкүн болгон учурда каалаган транспорт менен кетүүгө» чакырды.
Ливанда абал кескин начарлап кетиши мүмкүн деген кооптонуу күчөдү. Газадагы согуштан улам аймакта абал ансыз да чыңалып турган чакта Ханиянын өлүмү кырдаалды ого бетер курчутушу ыктымал деген сөздөр айтылууда.