• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

АКШда 3 кыргызстандык дайынсыз жоголду

14 Кулжа 2021 17:23 Бишкек Govori.TV

Америка Кошмо Штаттарында 42 жаштагы Насипа Дүйшөнова, кызы 10 жаштагы Ализа Дүйшөнова жана 81 жаштагы улгайган аял Токтосия Курманбекова аттуу 3 кыргызстандык 2020-жылдын июнь айынан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Насипанын бир тууган эжеси Фатима Душенова кабарлады.

Маалыматка караганда, изделип жаткан жарандар акыркы жолу Билоксиден (Миссисипи) 8-июнда байланышка чыккан.

«Дайынсыз жоголгондорду издөөгө Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги жана укук коргоо органдары жардам бере алышкан жок. Алар жөнүндө маалыматы бар адамдарды +996700051368, +85256063693 номерлерине кайрылышын суранабыз»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 2285