• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келет

3 Бирдин айы 202616:12 Бишкек Govori.TV

АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү — элчи Серджио Гор Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Серджио Гор кыргыз тараптын чакыруусу боюнча 3-февралдан 6-февралга чейин Кыргызстанда болот. Сапардын алкагында элчи Серджио Горду мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алат.
Ошондой эле атайын өкүл үстүбүздөгү жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында өтө турган «Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү» темасындагы «B5+1″ экинчи диалог форумуна катышмакчы», — деп жазды Алагөзов.

Количество просмотров: 154